Олимпиаданын катышуучуларына Таласта кандай сый көрсөтүштү?

Кечээ, 22-августта олимпиадачылар Таласка барышты. «Манас ордо» комплексинде Париж Олимпиадасынын катышуучуларын сыйлоо иш-чарасы өтүп, спортчулар менен машыктыруучларга «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен сый акы берилди.

Маалыматтарга караганда, күмүш медаль ээси Мээрим Жуманазаровага 3 миллион сом, коло уткан Жоламан Шаршенбеков менен Үзүр Жузупбековго 1,5 миллион сом, бокс боюнча күмүш уткан Мунарбек Сейитбек уулуна 1 миллион сом, коло медаль алган Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага 500 миң сом, Бекзат Алмаз уулу менен Айпери Медет кызына 300 миң сом берилген.

Спортчулардын алгачкы машыктыруучуларына 100 миң сомдон, башкы машыктыруучуларына 150 миң сомдон берилген. Мындан тышкары, кыздарга алтын чынжырча берилип, эркектерге аргымак мингизишкен.