«Оюн абдан оор болду». Оман менен болгон оюн тууралуу Штефан Тарковичтин ою

Кечээ, 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Омандын футбол курамасы беттешти. Беттеш 1:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады. Оман менен болгон оюн тууралуу Штефан Тарковичтин пикирин Кыргыз футбол союзу жарыялады.

«Малайзия курамасы менен болгон беттештеги жеңилүүнү эске алсак, бүгүнкү оюн абдан оор болду.
Оман курамасы тайпадагы башкы атаандашыбыз. Андыктан, оюнчулар менен абдан сыймыктанып жатам, алар жеңишке татыктуу», — деди ал.