Паралимпиада-2024: Гүлназ Жүзбаева жаңы улуттук рекорд жаратты

Бүгүн, 1-сентябрда Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарынын алкагында пара жеңил атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Гүлназ Жүзбаева 1500 метр аралыкка чуркоодо 6 мүнөт 11 секундда келип, көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекорд жаратты.
Аталган оюндарда Гүлназ Жүзбаева (коштоочусу Юлия Фернас) 5-орунду багындыра алды.
XVII Жайкы Паралимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында 28-август күнү башталган. Кыргызстандан бул оюндарга алгачкы жолу 4 спортчу катышууда.