Паралимпиада: Британиялык кош бойлуу жаачы коло медаль жеңди

Британиялык спортчу Жоди Гринхэм Париждеги Паралимпиада оюндарында медаль жеңген биринчи кош бойлуу айым болду. Ал жети айлык боюнда бар кезинде жаа атуу боюнча мелдеште коло медалга ээ болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды. 

Маалыматка караганда, ал 3-орунга болгон беттеште мекендеши Фиби Патерсон Пайндан күчтүүлүгүн көрсөткөн. «Элдин мени карап, «сен азаматсың, кош бойлуулугуңа карабай, беттешке чыктың» дегенин эмес, «сен азаматсың, кош бойлуулугуңа карабай, медаль жеңдиң» дегенин уккум келген. Ойлогонума жеттим», — деди ал.

31 жаштагы спортчу 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндардын күмүш медалынын ээси. Британиялык аялдын сол колу кыска жана манжалары жок.