Паралимпиадага катышчу Кыргызстандын курама командасын узатышты (видео)

Бүгүн, 21-августта Париж шаарында 28-августтан 8-сентябрга чейин өтө турган XVII жайкы Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасын узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, машыктыруучулар жана спортчулар катышты. Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.