Париж Олимпиадасы: бүгүн Эрлан Шеров менен Мунарбек Сейитбек уулу медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу бүгүн Олимпиадада күч сынашат. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшүүдө өзүнүн күчүн сынайт. Ал турнирди 1/16 финалдан баштайт жана анын биринчи атаандашы кубалык балбан Иван Фелипе Силва Моралес болот. Шеров Бишкек убактысы боюнча күрөшүн саат 14:00дө баштайт

Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмак категориясында өзүнүн Олимпиададагы жолун 1/8 финалдан баштайт. Анын атаандашы кубалык боксчу Хорта Родригез болот. Сейитбек уулу саат 23:55те беттешке чыгат.