Париж Олимпиадасы: Денис Петрашов өз тобунда алтынчы болуп келди

Кыргызстандык Денис Петрашов Парижде (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында медаль үчүн мелдешке чыкты.

Ал бүгүн, 30-июлда 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча күчүн сынады. Бул аралыкка жалпысынан 25 спортчу катталып, алар 4 топко бөлүнгөн.

Петрашов үчүнчү жарышта баштап, 2 мүнөт 10,99 секунд көрсөткүч менен алтынчы орунду ээледи.

Жарым финалга өтүү үчүн алдын ала жарыштардын жыйынтыгы боюнча ТОП-16га кирүү керек. Бул аралыкта жарым финалга чыккандардын акыркы тизмеси төрт топтун жарышынан кийин белгилүү болот.