Париж Олимпиадасы: Мээрим Жуманазарова да жарым финалга чыкты

68kg WW - Meerim Zhumanazarova (KGZ)

Бүгүн, 5-август күнү жайкы Париж Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова беттешин баштап, алгачкы атаандашы болгон монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсеби менен утту.

Чейрек финалдык беттеште япониянын балбаны Ноноки Одзаки менен күч сынашып, аны 8:6 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыкты.