Париж Олимпиадасы: япониялык дзюдочу жеңилип калып, шолоктоп ыйлады (видео)

Япониялык дзюдочу Ута Абэ Париж Олимпиадасында атаандашынан жеңилип калгандан кийин шолоктоп ыйлаган видео талкуу жаратып жатат.

52 килограммга чейинки салмакта Токио олимпиадасынын чемпиону Франциянын борборунда өтүп жаткан Олимпиаданын 1/8 финалында Өзбекстандын өкүлү Диёра Келдиёровага күтүүсүздөн жеңилип калган. Жеңилген соң, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону ыйлап баштаган. Аны машыктыруучусу сооротконго аракет кылып, көрүүчүлөр кол чаап турушту. Абэ акыркы жолу 2019-жылы жеңилүү ызасын тарткан.