Париж Олимпиадасынын жабылыш аземинде өлкөнүн желегин Шаршенбеков менен Тыныбекова көтөрүп чыкты

11-августта Парижде 2024-жылкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи өттү. Салтанат «Стад де Франс» стадионунда өттү.

Салтка айланган спортчулардын парады учурунда Кыргызстандын желегин балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыгышты.

Экөө тең Парижде коло медалдын ээси болушту. Олимпиаданын ачылышында Кыргыз Республикасынын желегин дзюдочу Эрлан Шеров менен сууда сүзүүчү Елизавета Печерских көтөрүп чыгышкан эле. Олимпиадада Кыргызстандын курама командасынын капитаны балбан Акжол Махмудов болгон.