Президенттин администрациясы «Өнөр» командасы менен тең чыкты. Садыр Жапаров эки гол киргизди

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш башталды. 

Биринчи беттеште «Өнөр» командасы менен президенттин администрациясы кез келди. Биринчи бөлүктө «Өнөр» командасы 2:0 менен эсеби менен алдыга чыкты. Бул командадан Майрамбек Осмонов биринчи эсепти ачып берди. Ал эми экинчи бөлүктө президенттин администрациясынан түзүлгөн курама эсеп сандарын теңдей алышты. Президент Садыр Жапаров командасына 2 гол (бирөө пенальти) алып берди. Оюн 2:2 эсеби менен аяктады.

«Президенттин администрациясы» командасынын курамы:

1. Садыр Жапаров — президент;
2. Камчыбек Ташиев — УКМКнын төрагасы;
3. Медетбек Букуев — Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси;
4. Аяз Баетов — юстиция министри;
5. Алмаз Бакетаев — финансы министри;
6. Умбеталы Кыдыралиев — «Кыргыз алтын» ишканасынын башкаруусунун төрагасы;
7. Азиз Аалиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
8. Азамат Жаманкулов — маданият министри;
9. Алмасбек Абытов — парламенттеги президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлү;
10. Муса Жаманбаев — президенттин администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси;
11. Арзыбек Кожошев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
12. Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;
13. Данияр Амангелдиев — экономика министри;
14. Кудайберген Базарбаев — эмгек министри;
15. Алтынбек Эргешов — президенттин администрациясынын чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси.

«Өнөр» командасынын курамы:
1. Кыргызбай Осмонов (капитан) — Кыргыз Эл артисти;
2. Актан Исабаев — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;
3. Кутман Жолдошев — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;
4. Камчы Сарыбаев (дарбазачы) — актёр;
5. Рустам Сагыналиев — «Эл шайырлар» ансамблинин солисти;
6. Майрамбек Осмонов — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;
7. Мирлан Абдыкалыков — режиссёр, актёр;
8. Урмат Усенов — маданият министринин кеңешчиси;
9. Фархад Бекмамбетов — мамлекеттик цирктин директору;
10. Орозбек Кашкаев — «Кыргыз руху» фольколор ансамблинин көркөм жетекчиси;
11. Евгений Кузнецов — Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын жетекчиси;
12. Аалы Туткучев — Кыргыз Эл акыны;
13. Ырыскелди Осмонкулов — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;.