Президенттин кубогу 2023: Көк бөрү боюнча мелдештер башталды

Кечээ, 28-август күнү Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданында Кыргыз Республикасынын президентинин кубогунун алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Оюн талаасында экинчи лиганын «Биримдик» жана «Кара-Суу» командалары беттешти. Жыйынтыгында «Кара-Суу» командасы 5:4 эсебинде жеңишке жетишти.
Бүгүн, 29-август күнү боло турган оюндун тизмеси:
10:00 «Ош шаары» — «Биримдик» (экинчи лига);
11:10 «Достук» — «Жаштык» (жогорку лига);
12:20 «Ынтымак» — «Мурас» (жогорку лига).
Аталган мелдешке жалпы 11 команда катышып жатат.
Жогорку лига: «Достук», «Ынтымак», «Жаштык», «Мурас».
Биринчи лига: «Өзгөн», «Кара-Кулжа».
Экинчи лига: А1 «Кара-Суу», А2 «Биримдик», А3 » Ош шаары».