Президенттин кубогу-2024: «Ак-Илбирс» командасы жеңүүчү болду

Кечээ, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын президентинин кубогуна арналган турнирдин көптөн күткөн финалдык оюну орун алды.

Кубок үчүн “Шахтёр” жана “Ак-Илбирс” командалары күч сынашты. Биринчи бөлүктө “Ак-Илбирс” 2 салым салып үстөмдүк кылса, экинчи бөлүктө 2 салым жаратып “Шахтёр” командасы эсепти теңеп кетти. Оюндун үчүнчү бөлүгү 3:3 эсеби менен аяктап, алтын салым үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Бакытбек уулу Кутман алтын салымды салып, “Ак-Илбирске” жеңиш алып келди.

3-орун үчүн оюн “Ысык-Ата” менен “Бийиктик” командаларынын ортосунда өттү. Жыйынтыгында 3-2 эсеби менен “Ысык-Ата” жеңишти камсыздап, 3-орунду ээледи.

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулду.