Олимпиадачы Юсуф Дикеч кайрадан эл оозунда

Париждеги Олимпиадада пневматикалык тапанчадан атуу боюнча күмүш медалдын ээси болгон түркиялык Юсуф Дикеч эсиңиздеби? Ал репортаж үчүн 30 миң евро сурап кайрадан хайп жаратууда.

Аны Дикечтин өкүлү Мехмет Али Акгүл «Юсуф популярдуулуктан жана журналисттерден тажады» деп түшүндүргөн.

Жакында спортчу Инстаграмдагы баракчасына «Чөөнүн күнү» («The day of the Jascal») сериалынын анонсун жарыялаган. Анда күзгүнү караган Дикеч бетиндеги масканы чечкенде сериалдагы баш каарман «Шакалга» айланат. Британиялык атактуу сериалдын 1-сезонунда жалданма киши өлтүргүчтүн образын Эдди Редмэйн жараткан.

Азырынча түркиялык спортчу Юсуф Дикеч чет элдик сериалга тартылып жатабы же анонсу үчүн тартылганбы аны да жоопсуз калтырууда.