Сааданбек Ниязов ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду

Кыргызстандык Сааданбек Ниязов ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалы үчүн беттешип, 3-орунду алды.

Ал орусиялык Игорь Полетаевге караганда күчтүү болуп чыкты. Дегенибиз атаандашын 10:4 эсебинде жеңип алды.

Буга чейин Талант Бегалиев ардагерлер арасында Дүйнө чемпиондугун жеңген.