Салмагы 100 граммга ашып кетип, Олимпиададан четтеп калган индиялык балбан кыз карьерасын жыйынтыктарын айтты

50 килограмм салмакта алтын медаль утуп алуу үчүн керектүү салмактан ашып кеткени үчүн Олимпиададан четтеп калган индиялык балбан Винеш Пхогат 8-августта карьерасын жыйынтыктай турганын жарыялады. 

X социалдык тармагында эмоционалдуу билдирүү калтырып, мындай деп жазган: “Апа, рестлинг мени жеңди, мен утулуп калдым. Кечир мени, кайратым сынды, мындан ары күчүм жок. Рестлинг кош бол  2001-2024»

Бир нече саат мурун Пхогат Спорттук Арбитраждык Сотко (CAS) анын дисквалификациясы боюнча даттанган жана ага күмүш медаль берүүнү талап кылган. Парижде Олимпиада оюндары учурунда келип чыккан талаш-тартыштарды кароо үчүн атайын CAS бөлүмү түзүлгөн.

Жарым финалда Винешке утулуп калган кубалык балбан Юснейлис Гусман Лопес финалда анын ордуна америкалык Сара Энн Хилдебрандт менен чыкты. Хилдебрандт күрөштө жеңишке жетип, алтынга ээ болду. Ошол эле учурда, Харьяна (анын штаты) өкмөтү Пхогат Олимпиаданын күмүш медалын алгандай мамиле жасаларын билдирди. 

Винеш алтын медаль үчүн америкалык Сара Энн Хильдебрандт менен беттешмек. Индиянын Олимпиадалык комитети билдирүүсүндө, Пхогат 50 килограммдан ашып кеткен үчүн дисквалификацияланган. ЖМКлардын маалыматына караганда, 29 жаштагы Пхогат түнү бою уктабай, чуркоо, аркан менен секирүү жана велосипед тебүү сыяктуу күчтүү спорттун түрлөрү менен машыккан. Талыкпаган аракетине карабай 7-августтун таңында алтын медаль үчүн беттеш күнү салмагы 100 граммга ашып кеткен.