«Шоро» премьер-лигасынын алгачкы оюну жылдырылды

Кыргызстандын футбол боюнча премьер-лигасынын биринчи айлампасынын алгачкы оюну аба ырайына байланыштуу болбой калды. Биринчи оюн канттык “Абдыш-Ата” менен “Кара-Балта” клубдарынын ортосунда болмок.

Бул оюн кийинки айлампаларга жылдырылды. Беттештин качан өтөрү азырынча белгисиз.