«Шырдак менен жаа». Валентина Шевченко Садыр Жапаровдон алган белектерин көрсөттү (сүрөт)

UFC чемпиону Валентина Шевченко президент Садыр Жапаровдон алган белектерин көрсөтүп, ага ыраазычылык билдирди. Ал соцтармактагы баракчасына тартууланган сувенирлердин сүрөттөрүн жарыялады.

«Садыр Нуркожоевич, белектер үчүн ыраазычылык билдирем. Шырдак — улуттук колго жасалган кийиз килем – бул кыял эле! Жаа биздин усталарыбыздын кооз жана көркөм эмгеги. Аларга чоң таазим», — деп жазды ал.

Валентина Шевченко Кыргызстанга 21-ноябрда келди. Ал мекенине акыркы жолу 2019-жылы келген эле. Ал Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү.