Сүймөнкул Икрамов сурдо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду

Сүймөнкул Икрамов грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн сурдо чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан сурдо дүйнө чемпиондугунда 72 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Сүймөнкул Икрамов чейрек финалда түркиялык балбанды жеңип, жарым финалда өзбекстандык атаандашын жеңип алды. Финалдык беттеште Икрамов ирандык балбан менен беттешип, жеңишке жеткен.

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн сурдо чемпионаты 2-сентябрдан 12-сентябрга чейин уланат.