14-январда 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык турниринен алтын медаль утту.
Кыргызстандык балбан финалда кытайлык Юань Вэнди 2:1 эсебинде жеңди. Ага чейин Айпери Медет кызы Франция, АКШ, Канада жана Орусиядан барган спортчуларды багындырган.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова да ушул турнирден алтын тагынган.