Тайырбек Жумашбек уулу алтын медалга, Абдумалик Карачев коло байгеге ээ болду

Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште 61 килограмм салмак категориясында Кыргызстандан 1-орун үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль, ал эми 3-орун үчүн күрөштө Абдумалик Карачев коло байгеге ээ болду.
Тайырбек Жумашбек уулу алгач индиялык балбан менен кез келип, атаандашынын жаракатынан улам жеңиш Тайырбек Жумашбек уулуна ыйгарылган. ¼ финалда түркиялык балбанды 5:4 эсебинде, жарым финалда индиялык балбанды 7:0 эсебинде жеңген. Ал эми чечүүчү беттеште грузиялык балбанды 8:2 эсебинде жеңип 1-орунду ээледи.
Ал эми ушул эле салмак категорияда Абдумалик Карачев финалда өзбекстандык балбан менен күч сынашып, коло байгеге ээ болду.