Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчу Тайырбек Жумашбек уулу UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, анда кыргызстандык 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Эми балбандын эсебинде 68 миң упай бар жана 61 килограмм салмакка чейинкилердин рейтингинде 2-орунда.