Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 77 килограмм салмакта күч сынашкан балбан Акжол Махмудов алтын медаль, дүйнө чемпиондугу наамы үчүн 11-сентябрда венгриялык спортчу Золтан Леваи менен килемге чыгып, атаандашын 8:0 эсеп менен жеңди.
Бул жеңиш Кыргызстан үчүн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында биринчи алтын болуп калды.