«Дима, сен уттуң! Биволдун жеңишин уурдап алышты, уюштуруучулар жана калыстар адилеттүүлүктү тепсеп, алар керек болсо, калыстыктын баасын түшүнбөй жатышат». Мындай пикирин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Токмокто туулуп-өскөн Дмитрий Бивол Эр-Рияд шаарында өткөн «Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону» наамы үчүн 12 раунддук беттеште атаандашы Артур Бетербиевге утулуп калды. Калыстар тобунун эсеби төмөнкүдөй болгон: 114-114, 115-113, 116-112. Калыстардын чечими учурда соцтармакта талкууланып бүтпөй жатат.
Мушкердин өзү жыйынтыкты кабыл аларын жарыялады.