Ташиев менен «Ак шумкарлардын» жеңишке болгон кубанычы (видео)

Кечээ, 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Омандын футболдук курамасынын беттеши өттү. Оюн Кыргызстандын курамасынын жениши менен аяктады.

Беттешке өлкө башчысы Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев барды.

Жеңиштен кийин УКМКнын төрагасынын «Ак шумкарлар» менен бирге кыйкырып жатканын көрүп, угууга болот.