Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык жаачылар 3-орунду ээлешти

22-27-февраль күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн «Alpomish va Barchinoy» эл аралык мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер жана эркектер арасында командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 3-орунду багындырган. Ошондой эле кыздар арасында жалгыз салгылашта Асел Шарбекова коло байгенин алган.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги мамлекеттеринен (КМШ) келген 100дөн ашык спортчу катышкан.