Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Токиодогу Олимпиада оюндарындагы мелдештерин аяктады. Ал 5-августта 125 килограммга чейинки салмакта 16 спортчунун арасында мелдешип баштаган.
1/8 финалда Лазарев америкалык Дэн Гейбл Стивенсонго жеңишти 0:10 эсебинде алдырган. Америкалык балбан финалга чыгып, кыргызстандык спортчу коло байге үчүн күч сынашуу мүмкүнчүлүгүн алган эле.
Бирок бүгүн, 6-августта көңүл жубатуучу мелдештин 1-раундунда Түркиянын балбанына 0:4 эсебинде утулду.