Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарын жеңиш менен баштады.
Ал бүгүн, 3-августта 62 килограммга чейинки салмактагы атаандашы менен беттешти. 1/8 финалда Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 8:0 эсеби менен жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты.