«Токио-2020». Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында экинчи жеңишке ээ болду. Ал бүгүн, 2-августта 1/8 финалдык баскычтан баштаган 77 килограммга чейинки салмак категориясындагы турнирде оюн көрсөттү.

Анын биринчи атаандашы тунистик Маафи Ладжед болгон. Махмудов 11:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчунун чейрек финалдагы атаандашы азербайжандык Рафиг Гусейнов болду. Махмудов 9:1 эсебинде ири жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.