«Токио-2020». «Ала-Тоо» аянтынан фоторепортаж

Бүгүн, 3-августта Бишкектин «Ала-Тоо» борбордук аянтында Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан Айсулуу Тыныбекова менен финалга чыккан Акжол Махмудовдун беттештери түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Мындан тышкары, чоң экрандан Мээрим Жуманазарованын коло медаль үчүн күрөшүн көрүүгө болот.

Ал эми беттешти көрүүгө келген күйөрмандардын саны уламдан-улам көбөйүп жатат. Алар Кыргыз спортчуларын кол чаап сүрөп, колдоо көрсөтүшүүдө.