«Токио-2020». Атабек Азисбеков биринчи беттешинде эле жеңилүү ызасын тартты

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында биринчи беттешинде жеңилип калды.

87 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалда кыргызстандык дүйнөлүк рейтингдин биринчи номери венгриялык Виктор Лоринец менен беттешип, ага 1:6 эсебинде жеңилди. Эгер Лоринец финалга чыкса, Азисбеков коло үчүн мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.