«ТОКИО-2020» Олимпиада оюнунда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак боюнча катышып жаткан кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы, казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8-0 эсеби менен жеңди. Айта кетсек, чейрек финалда Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобану менен күч сынашат. Ал эми кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы алгачкы атаандашы, казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсеби менен жеңип алды. Медет кызы чейрек финалда Олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьева менен беттешмекчи. Эске салсак, «ТОКИО-2020» Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.
«ТОКИО-2020».Балбандар Жоламан менен Айпери алгачкы атаандаштарын жеңип, чейрек финалга чыгышты
- Categories: СПОРТ
Related Content
Айсулуу Тыныбекова менен жолдошунун тойдогу видеосу менен бөлүшүп жатышат
Автор
Эдита Ильясова
10:30 19.12.2024
Айсулуу Тыныбекова жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады
Автор
Эдита Ильясова
12:34 18.12.2024
Кыргыз кийимин кийип, бийлеген Валентина Шевченко
Автор
Эдита Ильясова
10:44 18.12.2024
Дмитрий Бивол реванш үчүн даярдыкты Ысык-Көлдө баштады
Автор
Эдита Ильясова
17:25 17.12.2024
Айсулуу Тыныбекова сүйүктүүсү боюнча көпчүлүктү кызыктырган суроого жооп берди
Автор
Эдита Ильясова
14:35 17.12.2024