Токтогул шаарынын борбордук стадиону реконструкциядан өтөт

Кечээ, 17-май күнү Токтогул шаарынын борбордук стадионунда аталган футболдук объектини реконструкциясын талкуулоо максатында көчмө жыйын орун алды. Жыйынга Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев, башкы катчысы Медербек Сыдыков, КФБнын президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов катышышты.
Жергиликтүү бийлик тарабынан, Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев жана башка мамлекеттик кызматтардын жетекчилери, андан сырткары «Токтогул» футболдук клубунун өкүлдөрү катышышты.
Аталган стадион 1980-жылы колдонууга берилгенден бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жыйындын жүрүшүндө стадиондун реконструкциясынын эскиздик планы көрсөтүлдү. Оңдоп түзөө иштеринин алкагында стадиондун өзүн жана анын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштерди жергиликтүү бийлик ишке ашыруу милдеттенмесин алды. Реконструкция алкагында КФБ өз консультативдик кеңешин көрсөтүп, ал эми Кыргыз Республикасынын футболду өнүктүрүү фондунун жардамы менен стадионундун оюн талаасы толугу менен жаңылап, жарыктандыруу шам-чырактарын камсыз кылат. Ушул жылдын август айында оңдоп түзөө жана курулуш иштери аяктайт.