Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC 265 турниринин жеңүүчүсү болду. Жеңил салмакта чыккан Физиев америкалык Бобби Гринди жеңди.
Беттештин жыйынтыгы 3:1 эсебинде жыйынтыкталып, кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин пайдасына чечилди.
2020-жылдын декабрында кыргызстандык Бразилиянын өкүлү Ренато Мойкано менен болгон беттеште жеңип, аны биринчи раундда нокаутка жөнөткөн.