UFC турниринде кыргыз мушкери экинчи беттешинде да жеңишке жетти

UFC турниринде кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу экинчи беттешинде да ишенимдүү түрдө жеңишке жетти.

Беттеш Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп, кыргыз мушкери бразилиялык атаандашы Элвес  Бренерди калыстардын чечими (29:27-29:27-29:27) менен утту.

2023-жылы 19-ноябрда UFC уюмунун турниринде Мыктыбек Оролбай уулу атаандашы Урош Медичти муунтуу ыкмасы менен 2-раундда уткан болчу. Бул жеңишинен кийин мушкер менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуп, дүйнөнүн эң күчтүү лигасында ийгиликтүү дебюту менен куттуктаган.