Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова 5-жолу Азия чемпиону болду. Мелдеш Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.
Спортчу 62 килограмм салмак даражада күч сынашты. Жалпы 3 беттеш өткөрдү: 1/4 финалда өзбекстандык балбанды, жарым финала япониялык балбанды жеңип, финалга жолдомо алган. Чечүүчү беттеште монголиялык Оркхон Пуревдорж менен күч сынашып 9:4 эсебинде утуп, Азиянын чемпиону аталды.