Ура! Жоламан Шаршенбеков Олимпиадада коло медаль жеңди

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшүп, атаандашын жеңип алды.

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. 1/8 финалда казакстандын балбаны Айдос Султангали менен күч сынашып, аны 6:3 эсебинде жеңип алган.

Чейрек финалдык беттеште румыниялык балбан Разван Арнаут менен беттешип, аны мөөнөтүнөн эрте жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Япониянын балбаны Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:3 эсеп саны менен Жоламан Шаршенбеков жеңилип калган.

Бүгүн, 6-августта Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөштү. Анын атаандашы ирандык Мехди Мохсеннежад болду. Шаршенбеков аны 3:1 эсебинде жеңип алды.