Ура! Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыкты

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын финалына чыкты.

Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдык баскычтан баштап, 1-августка караган түнү кубалык Сайдель Хортаны утуп, чейрек финалга чыкты. Сейитбек уулу 4-августка караган түнү АКШлык Жамал Харви менен беттешип, кайрадан жеңишке жеткен.

9-августка караган түнү анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду.

Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты. 11-августка караган түнү өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет.