Валерий Кичин курама командага кошулду

Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин курамага кошулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.

Ушул аптанын жума күнү «Ак Шумкар» Иран менен кез келет. Атаандаштардын арасында дүйнөлүк деңгээлдеги оюнчулардан куралган элиталык курам бар.

Буга чейин Алимардон Шукуровдун Бишкекке учуп келе жатканы маалымдалган.

CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өткөрүлөт. Кыргызстандын курамасы тайпалык баскычта Ооганстандын жана Ирандын курамалары менен ойнойт. Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Топтун жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугушат.

10-июнда өткөн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ооганстандын курама командасын 1:0 эсеби менен утуп алды.