«Алимардон Шукуров курама командага кошулат. Ал CAFA Nations Cup-2023 беттешүүсүндө жигиттерди колдоо үчүн үйгө учуп келе жатат». Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.
«Ал жаракатынан айыгып, ойной алат. Турнирдин регламентине ылайык, ар бир беттеште жарыяланган 23 оюнчунун тизмеси өзгөрүшү мүмкүн, турнирдин расмий арызы 35 оюнчудан кем эмес болуусу шарт», — деп айтылат маалыматта.
CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өткөрүлөт. Кыргызстандын курамасы тайпалык баскычта Ооганстандын жана Ирандын курамалары менен ойнойт. Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Топтун жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугушат.
10-июнда өткөн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ооганстандын курама командасын 1:0 эсеби менен утуп алды.