Валерий Кичин «Локомотив» клубу үчүн бүгүнкү оюнда дубль жасады

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин «Локомотив» клубу үчүн бүгүнкү оюнда дубль жасады.

Өзбекстандын Суперлигасынын 21-туру алкагында ата-мекендик оюнчу ойногон клуб бүгүн «Бунедкор» командасы менен кез келип, анда Валерий Кичин эки ирээт клубун алдыга алып чыкты. Бирок беттеш 2-3 эсеп саны менен «Бунедкор» командасынын пайдасына аяктады.