Үзүр Жусупбеков Олимпиадага лицензия утуп алды

Үзүр Жусупбеков Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан маалымдашты.

Дүйнөлүк оимпиадалык квалификациялык турнир Түркиянын Стамбул шаарында өттү. Беттеште Үзүр Жусупбеков германиялык Лукас Александрос Лазогианисти 8:6 эсебинде утту.