Үзүр Жузупбеков Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Үзүр Жузупбеков Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Спортчу 97 килограмм салмакта күч сынашып, жалпы 4 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда кореялык балбанды 1:10 эсебинде, 1/4 финалда казакстандык балбанды 1:3 эсебинде, жарым финалда индиялык спортчуну 9:0 эсебинде жеңген. Финалдык беттеште ирандык балбан менен күрөшүп, эсеп саны 7:4 болду.