Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль жеңди.
Ал беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, Литвадан келген спортчуну жеңип, кийинки раундда ирандык Мохаммадхади Саравиге утулуп калды. Ирандык спортчу жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, Жузупбековго 3-орун үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк берди.
Жузупбеков АКШдан келген Жозеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде утуп алган. Коло медаль үчүн күрөштө кыргызстандык египеттик Мохамед Габр менен кез келип, аны жеңип алды.