Abank_oct
SerepTV Logo

XX Азия оюндарынын байге ээлери кайтып келишти

XX Азия оюндарынын байге ээлери кайтып келишти
 
“Манас” эл аралык аэропортунда Нагоя шаарында (Япония) өтүп жаткан XX Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, дзюдо жана кураш боюнча курама командаларын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Эркин күрөш боюнча Малик Шаваев (87 кг чейин), кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) жана Айпери Медет кызы (76 кг чейин), кураш боюнча Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) коло медалга ээ болушту.

Спортчуларды Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, спортчулардын жакындары, күйөрмандары жана спорттук коомчулуктун өкүлдөрү тосуп алышты.
SEREP MEDIA