Zagreb Open: Айсулуу Тыныбекова беттешти жеңиштен баштады

62kg WW - Aisuluu Tynybekova (KGZ)

Ушул күндөрү Загребде (Хорватия) күрөш боюнча 2024-жылдын биринчи рейтингдик турнири Zagreb Open өтүүдө.

62 килограммга чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова 1/16 финалдан баштады. Атаандашы 21 жаштагы америкалык спортчу болду. Кыргызстандык кыз 4:0 эсебинде жеңишке жетип, 1/8 финалга чыкты, анда анын атаандашы Кытайдын 24 жаштагы спортчусу болмокчу.