Zagreb Open: Бүгүн беттешке Айпери Медет кызы чыгат

Ушул күндөрү Хорватияда 2024-жылдагы биринчи рейтингдик турнир —  Zagreb Open өтүүдө. Азия оюндарынын учурдагы чемпиону Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат.

Бул категорияда жалпысынан 21 спортчу бар. Айпери Медет кызы 1/16 финалдан баштап, анын атаандашы орусиялык Рита Талисманова болмокчу.