«16 адам дайынсыз». Кытайдагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 46га жетти

Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында болгон 6,8 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 46га жетти. Кытайдын Сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, жер титирөө Гардзе-Тибет автономиялык районунун батышында катталган. Жер титирөөнүн очогу 16 чакырым тереңдикте болгон.

Жер титирөөнүн очогу Лудин округунан 39 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул аймакка Лудин шаарынан жана жакынкы конуштардан дагы 530 куткаруучу жөнөтүлгөн.

Акырындык менен жоготуулар жана кыйроолор тууралуу маалыматтар түшүүдө. Ганзиде 29 адам, Яанда 17 адам каза болгон. 16 жаран дайынсыз болууда.