Дүйнөдөгү эң популярдуу ТикТокчу Хаби Лейм АКШда виза мөөнөтү бүткөнү үчүн кармалды. Блогер өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу France24 жазды.
Окуя 6-июнда Невада штатынын Лас-Вегас шаарындагы Гарри Рид эл аралык аэропортунда болгон. АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы 25 жаштагы Италиянын жараны Хабане Лейманы (толук аты-жөнү) АКШнын иммиграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармады. Ал өлкөгө 30-апрелде кирген. 6-июнда ага өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлган.
Хаби Лейм 162,2 миллион катталуучусу менен ТикТокто биринчи орунда турат. Анын кармалышы АКШнын президенти Дональд Трамптын ммиграция саясатын катаалдаштырып жаткан учурга туш келди.