АКШда ымыркай төрөлдү. Анын апасы 4 ай мурун каза болгон

Кош бойлуу кезинде мээси өлдү деп жарыялангандан кийин бир нече ай бою аппаратта жаткан Адриана Смит Атлантадагы ооруканада уул төрөдү. Ченс аттуу баланын төрөлгөнүн Адриана Смиттин апасы NBC News телеканалына билдирген. 

Салмагы болжол менен 800 грамм болгон ымыркай 13-июнь, жума күнү айына жетпей кесарево жолу аркылуу төрөлгөн. 

«Ымыркай жакшы болуп кетет деп ойлоп жатабыз»,— деди ал. Ал ошондой эле Смиттин аппараты өчүрүлөрүн айтты. 

Мээнин өлүмүндө дене өз алдынча дем ала албайт, кыймылдай албайт, жүрөк аппарат жок сокпойт. Кадимки жагдайда аппарат өчүрүлүп, үй-бүлө менен коштошууга мүмкүнчүлүк берилет. Бирок Адриана кош бойлуу болчу.

Жоржияда алтынчы жумадан кийин аборт жасоого тыюу салган «Жүрөктүн согушу жөнүндө мыйзам» бар. Түйүлдүккө адам катары мамиле кылынат жана аны токтотууга катуу аныкталган шарттарда гана жол берилет.

Эмори дарыгерлери аппаратты өчүрүү түйүлдүктүн өмүрүн токтотот деп ойлоп, түйүлдүк жетилгенден кийин кесарево операциясы жасалат деген ойдо болушат. Бул кадам анын үй-бүлөсү менен макулдашылган эмес.

Адриана Смит үч айдан бери аппаратта жаткан жана 2025-жылдын августунда кесарево пландалган.